ЖАКнын мекемелери электрондук документ жүгүртүү системасына кошулуп жатат

ЖАКнын Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы мекемелери электрондук документ жүгүртүү системасына кошулуп жатат. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын жана санариптик технологияларды кеңири жайылтууга байланыштуу өкмөттүн башка чечимдерин ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматы да электрондук документти башкаруу системасы боюнча өзүнүн жигердүү ишин көрсөтүүдө.

2021-жылдын 22-февралынан тартып ЖАКнын Борбордук аппаратынын базасында жлектрондук документт башкаруу толук кандуу тейлөө жүргүзүлө баштады. Эми кезек Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жайгашкан атайын мекемелерди кошууга келди. Бул үчүн атайын орнотуу-кошуу иштери жүргүзүлөт. Үчүнчү кварталда мындай иштерди республиканын башка аймактарында да жүргүзүү пландалууда.

ЖАКнын юорбордук апаратында Чүй областынын 28 кызматкер электрондук документ колдонуу боюнча окуудан өтүштү, булар мекеме жетекчилеринин нөөмөтчүлөрүнүн жардамчылары, кеңсе кызматкерлери, маалымат технологиялары жана байланыш тобунун адистери.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында ЖАКнын компьютердик паркын жаңылоого республикалык бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 8 млн 435 миң 650 сомго 150 персоналдык компьютер жана 16 көп функционалдуу атайын аппараттар алынган.

Борбордук аппратка 88 компьютер жана 4 принтер берилген. Мекемелерге – 62 компьютер (анын ичинен 16сы мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн) жана 12 принтер берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД