Ошто 50-55 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгинен 50-55 жаштагы кишинин сөөгү табылды.

Мекеменин маалыматына таянсак, 1-август күнү куткаруу кызматына Ак-Буура дарыясынын ортосундагы чакан аралчада эркек киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ош шаардык куткаруу кызматы сөөктү суудан алып чыккандан кийин аны Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүп беришкен.

Эскерте кетсек, 30-июнда Ак-Буура дарыясынын жээгинен 20-25 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшкөн учурунда коопсуздукту сактоого чакырып келет.

Автор: Медина Бектурова


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД