Адылбек Бийбосунов Жайыл районунун жашоочулары менен жолугушту

2022-жылдын 2-август күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Жайыл районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар ички иштер министринин биринчи орун басарына милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерди аташып, каралбай жаткан иштерди мыйзамдын чегинде чечип, анын жүрүшүн көзөмөлдөп берүүлөрүн өтүнүштү. ИИМден барган өкүлдөр жарандардын маселелери мыйзам чегинде териштирүү үчүн алардын арыздарын кабыл алышты.

Ошондой эле жергиликтүү активист жолдо коюлган белгилер боюнча маселени айтты. Бул боюнча Жайыл району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо тобунун башчысы бул боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын, жакын арада чечиле турганын маалымдады.

Андан сырткары, жарандар тарабынан жердин, таза суунун жетишсиздиги, укук коргоо багытындагы маселелер айтылып, бул маселелерге бийлик өкүлдөрү көңүл бурушун суранышты. Өз кезегинде Борбордон келген жетекчилер элдин көйгөйлөрүн угуп, аны чечип берүү үчүн келишкенин, ар бир айтылган маселелер көзөмөлгө алынганын билдиришти.

Негизинен алганда бул жолугушууларөлкө башчысы Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелеринен кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

Белгилей кетсек, бүгүндөн тарта Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууну башташты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД