Алтынбек Жумаев кызматтан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, Алтынбек Жумаев бул кызматта 2021-жылдын декабрь айынан бери иштеп келе жаткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД