Ысык-Көлдө үрөй учурган жол кырсыгы катталды

Балыкчы–Ананьево–Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 3-августта саат 07:40та болгон.

Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. "Жалпы 23 адам кырсыкка учурап, үчөө Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болгон, алардын сөөгү милиция кызматкерлери өткөрүп берилген", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД