COVID-19га каршы вакцинанын коопсуздугун камсыз кылган коргоо чаралары бар

COVID-19га каршы бардык вакциналардын коопсуздугун камсыз кылууну шарттаган катуу коргоо чаралары бар. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ДССУ (Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму) жана улуттук жөнгө салуучу органдар тарабынан жактырылгандан мурда, COVID-19га каршы вакциналар коопсуздуктун жана натыйжалуулуктун эл аралык критерийлерине жооп берерин далилдөө үчүн тыкыр клиникалык сыноолордон өтүшү керек.

COVID-19га каршы вакциналарды иштеп чыгуу үчүн өкмөттөр, компаниялар берген ресурстар колдонулган.

Окумуштуулар жана изилдөөчүлөр коопсуздук жана клиникалык стандарттарга так ылайык бир эле учурда вакцинаны иштеп чыгуунун ар кандай этаптарында иштешкен.

COVID-19 козгогучу тиешелүү болгон вирустардын түрүн көп жылдык изилдөөлөр методологиясын жана коопсуздуктун жогорку стандарттарын сактоо менен вакциналарды иштеп чыгууну тездетти.

Бардык вакциналар сыяктуу эле, ДССУ жана жөнгө салуучу органдар COVID-19га каршы вакциналардын колдонулушун тынымсыз көзөмөлдөп турушат.

Коронавирус инфекциясына каршы эмдөө Кыргызстанда 2021-жылдын мартында башталган. Бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи дозасын 1,5 млн ашуун адам алган. Алардын биринде дагы олуттуу кыйыр таасирлер катталган эмес.

Кеңири тараган кыйыр таасирлердин арасында дене табынын бир аз жогорулашын, чаалыгуу, баш оору, ийне сайган жердин ооруксунуусун же кызаруусун жана булчуңдардын жана муундардын оорусун белгилөөгө болот.

Бул терс таасирлер жагымсыз болгону менен, алар сиздин денеңизди COVID-19 козгогон вирустан коргоо үчүн иштеп баштаганын көрсөтүп турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД