Араб координациялык тобунун кеңешмеси жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун төртүнчү кеңешмеси жыйынтыкталды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн кароого жана ата мекендик экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин институционалдык потенциалын кеңейтүүгө салым кошууга даярдыгын жогору баалады.

Өз кезегинде Координациялык топтун мүчөлөрү жагымдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн белгилешти.

Араб координациялык тобу COVIDден кийинки мезгилдеги өлкө экономикасын ыкчам калыбына келтирүүгө өбөлгө түзүүчү өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын алкагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга толук колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрү ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан социалдык турак жай, транспорттук инфраструктура, суу менен камсыздоо жана канализация, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин карап чыгып, талкууга алышты.

Кеңешмеде Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк менен Араб координациялык тобу ортосундагы өнөктөштүктү мобилизациялоо демилгеси боюнча бет ачар сунуштады.

Араб координациялык тобу 500 млн АКШ долларын мобилизациялады, ал билим берүү тармагындагы реформаларды жүргүзүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүк гранттары менен бириктирилет.

Жогорудагы макулдашууларга ылайык, Кыргыз Республикасы билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн 15 млн АКШ долларлык гранттык каражаттары менен бирге Араб координациялык тобунан 60 млн АКШ долларын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган программаны ишке ашырууга катышууга кызыкдар экендигин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД