Тойдо уулангандардын саны 122 адамга жетти. Анын үчөөсү жаш балдар

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы "Алмаз" кафесиндеги тойдо уулангандардын саны 3-августка карата 122 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, уулангандардын ичинен үчөө 14 жашка чейинки жаш балдар. Лабораториялык иликтөөлөрдүн жана эпидемиологиялык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында толук маалымат берилет.

Кадамдай районундагы жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) 43 адам, Айдаркендеги ЖДПБда экөө, амбулатордук дарылууда 77 адам бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД