"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаадагы фонтандарды жууп-тазалоодо.
Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы тапта жаштар аллеясындагы, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын, Тарых музейинин алдындагы, "Ала-Тоо" аянтындагы фонтандар жуулуп жатат.
Ошондой эле "Күн балыктары", "Алтын Балыктар" фонтан комплекстери да унутта калган жок.
Белгилей кетсек, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан бар.