Таласта конфессиялар аралык достукту бекемдөө боюнча жыйын өттү

Таласта конфессиялар аралык достукту бекемдөө жана жаштардын адеп-ахлагын жогорулатуу боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарында Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Талас облусундагы өкүлү Чынар Осмоналиева, Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов, имамдар, серепчилердин катышуусунда жыйын өтүп, анда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, конфессиялар жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо, радикалдык жана экстремисттик көрүнүштөргө каршы туруу, жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүнө салым кошуу, ыксыз ысырапкорчулукка жол бербөө, диний ишенимдердин жана каада-салттын баалуулуктарын бири-бирине карама-каршы койбоо маселелери талкууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД