Бишкекте бир айда лифт көйгөйү боюнча 142 кайрылуу түшкөн

"Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы шаардыктардын кайрылууларына ыкчам чара көрүп, лифттердин бузулууларын жоюу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бир айдын ичинде 142 кайрылуу түшкөн. Анын ичинен муниципалдык лифттерден 119, ал эми башка жеке менчик лифттердин тейлөөсүнөн 23 кайрылуу болгон. Ошол эле учурда лифттер-операторлор тарабынан 4 жүргүнчү эвакуацияланган.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сизде лифттердин иштөөсүндө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, 43-78-48 телефону боюнча "Бишкекшаарлифт" МИнын Лифттик авариялык кызматына кайрылыңыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД