Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги менен GFC Bishkek кызматташмакчы

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттиги менен Жашыл каржылоо борбору (GFC Bishkek) кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар "Бишкек -2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар" Бишкек шаарынын өнүктүрүү Программасынын алкагында, Бишкек шаарында жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча тиешелүү бизнес-консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү жана натыйжалуу жыйынтыктарга жетишүү, эл аралык каржылоо уюмдары жана фонддору менен өз ара аракеттенүү, жашыл каржылоо инвестиция тармагында билим жана тажрыйба алмашуу аркылуу көмөк көрсөтүү боюнча келишимге келишти.

Жашыл долбоор үч багыттын бирине ылайык келиши керек - климаттын өзгөрүшүнө жол бербөө (көмүртектин чыгышын азайтуу), жаратылыш ресурстарын жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Бишкек шаарынын булганышынын деңгээлин азайтуу.

Жашыл каржылоо жаратылышты, экологияны жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган муниципалдык жашыл облигацияларды чыгарууну кошкондо, экономикалык ишмердиктеги акчалай жардамды жана колдоону билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД