Жаза аткаруу мекемесинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү

№19 мекемеде спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдешке КР ЖАКнын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 12-ротасынын аскер кызматкерлери, нөөмөт бөлүмүнүн нөөмөтчүлөрүнүн курама командасы, офицерлердин, ошондой эле №19 мекеменин кызматкерлери катышты.

Турнирдин демөөрчүсү Бейшенов Эркинбек, уюштуруучулардын арасында Жаза аткаруу тутумунун ардагерлери Узакбай Исмаилов жана аскер кызматынын улук лейтенанты Азамат Көбөгновдор болушту.

Оюндар кызуу, абдан кызыктуу өттү, ал эми күйөрмандар волейболчуларды активдүү колдоп турушту.

Жыйынтыгында 1-орунду 2-сменанын оюнчулары, 2-орунду Финансы-экономика бөлүмүнүн командасы, 3-орунду 5-сменанын, 4-орунду 2-сменанын жоокерлери ээлешти. Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор, волейбол торлорунун комплекттери, кымбат баалуу топтор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Өз категориялары боюнча мыкты оюнчулар да сыйлыктарын алышты.

№19 мекеменин башчысы, и/к полковниги Байсынов Арстан Усенович жеңүүчүлөрдү, уюштуруучуларды, жалпы катышуучуларды кызуу куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтып, алдыда дагы көптөгөн турнирлер болоруна ишеним билдирди!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД