Нарында милициянын полковнигин ардактуу эс алууга узатышты

Нарында милициянын полковниги Керимакунов Жаныбек Токсумаковичти ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-август күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана Нарын ШИИБдин өздүк курамынын катышуусунда ички иштер органдарында узак жылдар кызмат өтөп, үзүрлүү эмгектенип, элибиздин бейкут жашоосу үчүн бел чечпей иштеп келген милициянын полковниги Керимакунов Жаныбек Токсумаковичти салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.

Ардагерди ардактуу эс алууга узатып жатып, Нарын ОИИБнин жетекчилиги ИИОдогу өтөгөн кызматын, жетишкен ийгиликтерин, эл үчүн жасаган иштерин баса белгилеп, ак чапан жаап, ак калпак кийгизип, эстелик белектерин тапшырып,кызматкерлер ага бекем ден соолук каалашып,ардактуу эс алууда сый-урматтын үстүндө болуусун тилешти.

Өз кезегинде ардагер кесиптештерине ыраазычылык билдирип, өзүнүн 30 жылдан ашуун өмүрүн, эмгегин милицияга арнагандыгын, канчалаган түмөн түйшүктүү ошол эле учурда сыймыктуу кесиби тууралуу жана берген антка бекем туруп, эл үчүн кылган кызматын белгилөө менен кызматкерлерди ынтымакка биримдикке чакырып өттү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД