Бишкек мэриясында жаңы ишкана ачылууда

Бишкек мэриясында жаңы ишкана ачылууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, суу чарба объекттерин өнүктүрүү жана натыйжалуу башкаруу, Бишкек шаарынын сугат суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу максатында муниципалдык ирригациялык курулмалардын жана гидротехникалык курулмалардын бирдиктүү балансын кармоочуну аныктоо, ошондой эле аткаруучунун жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын эске алуу менен калааны сугат суу менен камсыздоо, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды, скважиналарды калыбына келтирүү жана оңдоо боюнча маселелерди чечүүнү тездетүү үчүн "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы түзүлүүдө.

"Бишкек суу чарба" ишканасын түзүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- борбордун жашыл имиджин жакшыртуу маселелерин комплекстүү чечүүгө, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды, жабдуу каналдарын өз убагында оңдоого;

- сугат суусу менен камсыз кылууну жана аны өз багыты боюнча сарамжалдуу пайдаланууну жөнгө салууга;

- ирригациялык тармактарды жана берүү каналдарын тазалоо жана учурдагы оңдоо иштерин өз убагында жүргүзүүгө;

- чарба жүргүзүүчү субъекттердин сугат суусун пайдалануусуна көзөмөлдү күчөтүүгө, бул сугат суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн кирешелеринин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

"Бүгүнкү күндө ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарды, магистралдык каналдарды, сугат суу түтүктөрүн жана сугат скважиналарды учурдагы тейлөө жана оңдоо, Бишкек шаарынын аймагын сугат суу менен камсыз кылуу милдети "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына жүктөлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД