Адылбек Бийбосунов Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолукту

Адылбек Бийбосунов Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-август күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана социалдык-экономикалык маселелерге байланышкан элдин көйгөйүн жакындан угуп, аны чечип берүү тапшырмасын аткаруу максатында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү келишкен. Бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу суроо-жооп иретинде өтүп, жалпысынан 450 ашык жаран катышты.

Негизинен алганда жарандар тарабынан социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, бийлик өкүлдөрүнөн аларды чечип берүүсүн суранышты. Алсак, айыл өкмөттөрдөгү иштер, маданият, жерлерди мыйзамсыз ээлеп алуу, айыл ичиндеги жолдорду оңдоо, көпүрөнү оңдоп түзөөдөн өткөрүү, жумушсуздук көйгөйлөрү айтылды.

Ошондой эле, ички иштер органдарынын, прокуратуранын ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктар жана кемчиликтер баса белгиленди.

86 жаштагы жергиликтүү тургундун уурулук боюнча суроосуна Адылбек Бийбосунов жооп берип, бул уурулук фактысы териштирилип, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн билдирди. Ал ИИМден келген тиешелүү кызматтардын башчыларына бул жергиликтүү тургундун арызын кабыл алып, тез арада чечип берүүсүн тапшырды.

Элдин суроолорун, пикирин жана сунуштарын укканы Борбордон келген жетекчилер айтылган ар бир маселе жагдайына жараша калыс жана акыйкат чечиле тургандыгын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД