Жазасын өтөп жаткан төрт өспүрүм паспорт алышты

№14 тарбиялоо мекемесинин дароо төрт тургуну көптөн күткөн Кыргызстандын жарандыгы паспортторуна ээ болушту. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айылындагы №14 мекемесинде 4 окуучуга көптөн күткөн ID-карталар тапшырылды.

Өспүрүмдөрдүн турмушундагы бул маанилүү окуя мекеменин коомдук кызматкери, и/к лейтенанты Жунушпаева Халима Жакшыбековнанын демилгесинин жана өжөрлүгүнүн аркасында ишке ашырылды.

Жеке күбөлүктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы №716 токтомуна ылайык алынган.

Эске салсак, бул токтом дагы бир жолу жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, ошондой эле шектүү жана айыпкер катары камакка алынган 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун каттоого жана берүүгө документтерди кабыл алууну жөнгө салууга багытталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД