Башка өлкөлөрдө балдарга эмдөө жасалабы?

Башка өлкөлөрдө балдарга эмдөө жасалабы? Балдар эмдөөнү кандай көтөрүшөт? Бул суроолорго COVID-19га каршы республикалык штаб маалымат даярдаган.

Ооба, эмдешет жана абдан активдүү түрдө. Балдарды эмдөө боюнча Кытай алдынкы орунда турат. мында 3 жаштан тарта курактагы ондогон миллион балдар эмделген. 12 жаш жана андан жогорку жаш курактагы балдардын жарымы ревакцинациядан өткөн. Өлкөдө балдарды эмдөө боюнча зор тажрыйба бар, анткени алар эпидемиологиялык көз караштан алганда балдар инфекцияны жайылтуучу катары болушу мүмкүндүгүн түшүнүшөт.

Израилде дагы 5тен 11 жашка чейинки, 12ден жогору жаштагы балдар эмделген. АКШда 12 жаш жана андан жогору курактагы балдарга эмдөө жасалат.

Бул өлкөлөрдүн толук тизмеси эмес, дүйнөдө балдарды эмдөө активдүү жүрүүдө.

Эмдөөнүн кыйыр таасирлерин дээрлик эч ким каттай элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД