Кафе, ресторандар менюсунда жергиликтүү суусундуктар болушу шарт

Кафелер менен ресторандардын менюсунда суусундуктардын кеминде жарымы ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларынан турушу керек. Мындай сунушту КР Экономика жана соода министрлиги киргизди. Тиешелүү токтомдун долбоору министрлер кабинетинин сайтында жайгаштырылган.

Документ жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан.

"Коомдук тамактануу жайы ар кандай алкоголсуз, алкоголсуз суусундуктарды сатууда, алардын ассортименти продукциянын ар бир түрү боюнча 50%дан кем эмес ата мекендик продукциядан турушу керек", - деп айтылат документте.

Мыйзам долбоорунун авторлору бул норма жергиликтүү мыйзамдарга, ЕАЭБ жана ДСУнун нормаларына каршы келбей турганын белгилешет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД