Ак-Бууранын жээгинде эс алуучулардын буюмдарын уурдаган жаран кармалды

Ак-Буура дарыясынын жээгинде эс алып жүргөн жарандардын буюмдарын уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-августта Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну тургуну Р. М. арыз менен кайрылып, Ак-Буура дарыясынын жээгинде курбулары менен эс алып отурган учурда белгисиз жаран алардын сумкаларынан 2 уюлдук телефонун, алтын буюмдарын, акча каражаттары менен документтерин уурдап кеткендигин билдирген.

3-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Б.М. кармалып, ал жасаган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.

Учурда уурулук боюнча шектүүнүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда жана шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар, же жоктугу текшерилип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД