2-августта, ооганстандын Тахар провинциясында жүргөн Талибан армиясынын "Омари" корпусунун командиринин орун басары молдо Жан Мохаммад Хамза (Молдо Жан деген ат менен белгилүү) анын согушкерлери коңшу Тажикстанды бир жумада басып алууга жөндөмдүү экенин билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Мындай билдирүү Тахарга иш сапары менен барган талибдердин борбордук өкмөтүнүн министрлеринин биринин катышуусунда жасалган.
Талибан армиясынын "Омари" корпусунун командиринин орун басары Душанбеге "эгер Тажикстан Ооганстандын ички иштерине кийлигишүүсүн токтотпосо жана Орусия Тажикстандын артында турбаса", талибдер бир жуманын ичинде "бул өлкөнү" басып аларын эскерткен.
2021-жылдын августунда пуштун талибдеринин командири молдо Жан Мохаммад Хамза Тахар провинциясынын кулашында көрүнүктүү ролду ойногон.