Ислам өнүктүрүү банкы билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 100 млн доллар берет

Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) Кыргызстандын билим берүү тармагын өнүктүрүүгө 100 миллион доллар бөлөт. Тиешелүү макулдашууга 3-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде жетишилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сумманын 15 млн доллары грант түрүндө, 85 млн доллары насыя катары берилет.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда.

Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД