Адылбек Бийбосунов Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту

Адылбек Бийбосунов Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 5-август күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Чүй облусунун Кемин районунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу Кемин районунун Маданият үйүндө өтүп, 300 ашык жергиликтүү тургун катышты.

Калк менен жолугушуп, көйгөйлөрүн жеринен чечүү үчүн Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Бөрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте келишкен.

Бүгүнкү жолугушуу жарандар тарабынан бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтуу менен башталып, сугат иштерине, таза сууга, жол, жер, айыл-чарба жана билим берүү тармагына тиешелүү суроолор берилди. Укук коргоо тармагына дагы тиешелүү маселелер дагы көтөрүлдү. Алсак, ички иштер бөлүмүнүн мурдагы жетекчилеринин биринин ишмердүүлүгү, милиция кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү жана социалдык абалын жакшыртуу, уурулук фактылары тууралуу суроолор берилди.

Жарандын суроосуна жооп берген Адылбек Бийбосунов учурда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, коррупциялык иштерди алдын алуу үчүн аймактарда ротация иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары малдардын уурдалышы тууралуу суроого дагы жооп берип, малдардын уурдалганын билген учурда тез арада милицияга кайрылууну суранды. "Милиция уурулук фактыларына тиешелүү чараларды канчалык эрте көрсө, кылмыштын бетин тез ачууга мүмкүн болот. Ошондуктан, урматтуу жарандар малдарыңарды өз алдынча издеп же бир нече күндөн кийин кайрылбай, окуя катталган күнү милицияга тез арада кайрылыңыздар. Малдарыңыздарга да ар дайым көзөмөл жүргүзүңүздөр",-деди Адылбек Бийбосунов.

Бүгүн жарандардан келип түшкөн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан ар бир кайрылуу, арыз-даттануу кайрадан текшерилип, тиешелүү чаралар көрүлөт. Адылбек Бийбосунов өзү менен кошо келген ИИМдин кызматтарынын жетекчилерине тапшырмаларды берип, жарандардан жеке өздөрү арыз-даттанууларын кабыл алууну тапшырды. Анткени, ички иштер министрлигинде жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын кабыл алууга, аны мыйзам чегинде чечип берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД