Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен маршрутка кагышкан. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2-августта болжол менен саат 20:30дар чамасында Жалал-Абад облусундагы Бишкек – Ош унаа жолунун 401-чакырымында "Хово" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү кичиавтобус сүзүшкөн. Кичиавтобус каршы тилкеге чыгып кеткен.
Аталган факт боюнча тиешелүү экспертзалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандардан жол эрежелерин сактоону өтүнөт.