Бишкекте көмүрдү кайсы жерлерден сатып алса болот? Даректери

Бишкекте кышкы мезгилге көмүр даярдоо боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүр камдоо июль айында башталган.

Мэриядан белгилешкендей, Биринчи май районунун аймагында отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунун аймагында төмөнкү даректер боюнча 7 көмүр базасы иштейт:

– Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги "Руслан ижана МАК" ЖЧКсы (мурдагы "Ак-Жол" ЖЧКсы);

– Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Мустафаев Улан);

– Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги "Кара-Тоо" ЖЧКсы (мурдагы "Торг-Синтез" ЖЧКсы);

– Мурманск көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги "Береке" ЖЧКсы;

– Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги "Беш Сары" ЖЧКсы ;

-Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасы;

– Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги "Болотбеков" ЖИ.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.

Октябрь районунун аймагында Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү, 98а дарегинде "Глобал Азия Пропертис" ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД