Өзгөндөгү жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Өзгөндө райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакировдун жана "Үмүт" фондунун демилгеси менен райондогу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары менен окуу куралдары берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, баш имам-хатиб берешендик береке алып келе тургандыгын эске салып, колдоо көрсөткөн "Үмүт" фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирди.

"Урматтуу жаштар, билимдүү болгула! Билим берген мугалимдериңерди сыйлап, ата-энеңердин ишенимин акташыңар керек. Билимдүү адамдын эки дүйнөсү тең жарык болот",


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД