Таласта милиция автомектептерди текшерүүдө

Талас шаарында айдоочуларды даярдоочу мектептер текшерүүгө алынууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарындагы У.Субанов атындагы айдоочуларды даярдоочу мектеп текшерилди. Айдоочулукка окутулуп жаткан курсанттардын даярдыгын жеринен көрүп, алардын окууга катышуусун текшерүү иштери жүргүзүлдү. Келечектеги унаа айдоочулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында ЖКККБнын кызматкери окуучулар менен жолугушту.

Окуунун сапаты, андагы шарттары менен таанышып, окуу жайдын мугалимдери менен бүгүнкү күндө айдоочулардын сапаттуу билим алышы талкууланды. ЖКККБ инспектору: Айдоочу бир гана унаага эмес, андагы жүргүнчүлөргө жана бара жаткан жолдогу кыймылга жооптуу экендигин эсине бекем түйүп жүрүшү керек. Унааны туура башкаруу, жол эрежелерин так сактоо жана мыйзамдын талаптарына баш ийүү менен жол кырсыктарын болтурбоого шарт түзө алабыз-деди.

Аталган окуу жайдын кызматкерлери айдоочулардын окуу залдары, унаа токтогон паркы жана шарттары менен кенен тааныштырды. ЖКККБ инспектору курсанттарга бир нече суроолорду берип, канааттандыраарлык жоопторду алаары менен айдоочулук этикага дагы көңүл буруу керектигин эскертти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД