"Манас" аэропортунда төрт ПЧР-лаборатория иштөөдө

"Манас" эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 4 экспресс-лаборатория иш алып барууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ПЧРге анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын 4 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн.

Алар:

Бонецкий лабораториясы;

Medikana Plus;

AMSBIO lab;

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораториясы.

Маанилүү: "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы ПЧР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт.

"Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЧР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз", - деп кошумчалашты басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД