Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча адистештирилген кеңеш түзүлүүдө

Мамлекет менен жеке сектордун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо максатында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча адистештирилген кеңеш түзүлүүдө.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн бул багыттагы кеңешме Жалал-Абад шаарында өтүп, ага айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков, Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары Эркинбек Маматаев катышты.

Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча региондук кеңеш мамлекеттин айыл чарба тармагындагы демилгелери, кластердик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу жана мамлекет менен бизнес-коомчулуктун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу боюнча аймактардагы калкты маалымдоо куралы болуп саналат.

Кеңеш бизнес коомчулугунун катышуусу менен Айыл чарба министрлигинин алдындагы борборлоштурулган орган катары иштейт. Кыргызстандын аймактарында бул аянтчага мамлекеттик органдардын жана ишкердик өкүлдөрүн бир аянтка чогултууда.

Кеңешти түзүүнүн алкагында 2-5-августка чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад шаарларында аймактык кеңештердин жыйындары өтүүдө. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жеке сектор активдүү катышууда.

Иш-чарада дыйкандарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча министрликтин пландары, аймактык кеңештин ишинин структурасы жана форматы айтылат. Жеке сектор тарабынан тегерек столдордо өткөрүлгөн талкуулардын жүрүшүндө агробизнестеги көйгөйлөр жана аларды чечүү сунуштары белгиленди.

Жолугушуулар ЖИА бизнес-ассоциациясы жана USAIDдин Агросоода долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД