Президент жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын дайындады

Президент Садыр Жапаровдун дарегине Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңеши Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьялык кызматына беш талапкерди дайындоо боюнча сунуштарды киргизди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Ал эми бир талапкер боюнча анын талапкерлигин кайтарып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңешине берген арызына байланыштуу, аны жергиликтүү соттун судьясынын бош кызмат ордуна дайындоо сунушу четке кагылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык төрт талапкер боюнча Кеңештин сунуштары менен макул болду.

Президент Садыр Жапаров төрт талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды чыгарды, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

Жалал-Абад облусу:

Мусурманкулов Бекмухаммет Лутуббилаханович;

Ысык-Кол облусу:

Каракол шаардык соту:

Каипова Нурила Кочкоровна;

Эралиев Талайбек Каскаевич;

Жети-Огуз райондук соту:

Асаналиев Нуркалый Жумабекович.

Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД