АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги өлкөдө маймыл чечеги оорусу жайылуусуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министри Хавьер Бесеррдин айтымында, алар вируска каршы жоопту кийинки деңгээлге көтөрүүгө даяр. "Биз ар бир америкалыкты маймыл чечек илдетине олуттуу мамиле кылууга чакырабыз" - деди ал. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, өлкө ооругандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Бүгүнкү күндө мында инфекцияны жуктуруунун 6,6 миң учуру катталган.