Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда донордук кандын кору жетишсиз болуп жаткандыктан, жарандарды кан тапшырууга чакырды.
Республикалык кан борборунун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө донордук кандын кору дээрлик жокко эсе.
Кан тапшыруу боюнча суроолорго төмөнкү номерден жооп ала аласыз: 0(312)54 1913
Республикалык кан борборунун дареги: Бишкек ш., Ч.Айтматов пр., 60.