Орусиядагы элчилик "Консул маалымдайт" долбоорун ишке киргизди

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Консул маалымдайт" долбоорун ишке киргизди.

Мекемеден билдиришкендей, долбоор дипломатиялык өкүлчүлүк көрсөткөн консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук маселелер боюнча жарандарды маалымат менен камсыздоо максатында иштелип чыккан.

Бул долбоор аркылуу жарандарга элчиликтин расмий сайтында, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында ар кандай консулдук маселелер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеоматериалдар сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД