ДССУ маймыл чечегине каршы жапырт эмдөөнү сунуштабайт

ДССУ маймыл чечегине каршы жапырт эмдөөнү сунуштабайт. Бул тууралуу COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Бүгүнкү күндө маймыл чечеги оорусу менен күрөшүү үчүн вируска каршы дары-дармектер жана вакциналар бар, бирок алардын камы чектелүү. ДССУ бул дарыларды калыс бөлүштүрүүнүн механизминин үстүндө иштеп жатат.

Ошону менен бирге ДССУ маймыл чечегине каршы жапырт эмдөөнү сунуш кылбайт. Вакциналар жетиштүү болгон бир аз жерлерде аларды медицина кызматкерлерин жана лабораторияларда иштегендерди коргоо үчүн колдонушууда.

Байланыштан кийинки, эң жакшысы, байланыштан соң төрт күндүн ичиндеги эмдөө кээ бир өлкөлөр тарабынан каралышы мүмкүн.

Бүгүнкү күндө маймыл чечеги илдети мурда болбогон өлкөлөргө жайылып баратат.

Бирок ал Африкада көптөн бери таралып келген, мында быйыл эле оорудан шектенүүнүн 1,4 миңден ашуун учуру жана 66 адам өлүмү катталган.

"Бул вирус Африкада ондогон жылдар бою жайылып, адам өмүрлөрүн алып келет. Эл аралык коомчулук маймыл оорусуна эми гана көңүл буруп жатканы биз жашап жаткан дүйнөлүк тартиптин кейиштүү чагылышы, анткени ал кирешеси жогору өлкөлөрдө пайда болгон", - деди Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейюс.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД