Ошто санитардык норманы сактабаган 6 коомдук тамактануу жайы жабылды

Ошто Санитардык-эпидемиологиялык станциясы тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 6 коомдук тамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, жалпы 120 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Ош шаардык Санитардык-эпидемиологиялык станциясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган станция июль айынын башынан тарта шаарынын аймагында коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына карата пландуу рейддерди жүргүзүүдө.

Бир күн мурда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Айып пулдун жалпы суммасы 120 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайынын иши убактылуу токтотулган. Учурда 5 объектиде мыйзам бузуулар жоюлду. Рейддик иш-чаралар улантылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД