Ысык-Көлдү сүзүп өтмөкчү болгон спортчу дайынсыз болууда

Бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунда көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган спортчу чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 13:00дө Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыккан. Көлдүн ортосунда жеткенде чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгон.

Спортчуну издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД