Борбор калаада көмүр сатылып баштады. Тоннасынын баасы 4000 сом

Бүгүн, 7-августта Бишкек шаарынын Алыкулов, 6 дарегине 100 тоннадан ашык көлөмдө көмүр түшүрүлдү жана баасы 4000 сомдон сатылат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ошондой эле Бишкектин беш жерине көмүр кампа ачылды.

Алар Мурманский 6, Кыргыз Темирдин аймагы, Алма-Ата/Объездной,Кара-Жыгач, Ак-Босо конуштарынын ирий кампаларында.

Аталган жерлерден элибиз Кара-Кеченин кесек көмүрүн сатып алса болот.

Бул демилге "Кыргызкөмүр" МИсы менен биргеликте ишке ашууда.

Кыргызкөмүрдүн жетекчилиги элибизди көмүрдү азыртан баштап сатып алууга үндөйт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД