Нарында улуу ойчул Казыбек казалчынын 120 жылдыгына карата иш-чара өттү

КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 6-августта Нарын облусунда улуу ойчул, ырчы Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө Нарын эзелтен эле чыгаан таланттары менен атагы чыкканын белгиледи.

"Нарын – кыргыздын түпкү жашоосунун, тилинин түпкүлүгүн сактоочусу. Сиздерди кыргыз элинин чыгаан уулу, залкар ойчул жана ырчы Казыбек Мамбетемин уулунун 120 жылдык мааракеси менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Бүгүнкү мааракени агартуучулук иш-чара деп ишенимдүү айтсак болот. Бүгүн Казыбек Мамбетемин уулунун жаркын ысымын даңктоо жана даңазалоо эсте каларлык күн", - деди ал.

Иш-чаранын алкагында Нарын облустук М.Рыскулов атындагы академиялык музыкалык театры тарабынан даярдалган "Казыбек казалчы" спектакли көрсөтүлүп, төкмө акындардын айтышы тартууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД