Унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кеткен айдоочу каза болду

Бүгүн, 7-августта Чүй районунун Шамшы айылында айдоочу унаасы менен Чоң Чүй каналына түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык айдоочу унааны башкара албай сууга түшүп кеткен. Окуя жерине куткаруучулар менен суучулдар барып, айдоочу менен унааны суудан чыгарышкан.

Каза болгон жарандын сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Каза болгон айдоочунун аты-жөнү такталган. Ал 30 жаштагы Ш.М. аттуу жаран болуп чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД