Бишкекте эки кабаттуу үй өрттөнүп кетти

Бишкек шаарында эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМге Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:40та Ленин жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД