Иммунолог: COVID-19дун терс кесепеттери ар бир жаңы жуктурууда байкалууда

"Коркунучтуусу, оорунун ар бир кийинки эпизоду ден соолукка олуттуу кесепеттерге алып келет, ал тургай салыштырмалуу дени сак орто жаштагы адамдарда дагы", - деп баса белгиледи иммунолог, медицина илимдеринин кандидаты Николай Крючков (РФ).

Нерв системасы тарабынан бул "баштагы туман", баш оору, тынчсыздануу, көңүл буруунун бузулушу, кээде жада калса клиникалык депрессия, - деп түшүндүрдү иммунолог.

"Мындан тышкары бул терчилдик, жүрөктүн баттан согуусу. Айрым адамдарда чач түшөт жана жыт билүүсү жоголот. Бирок "Омикрондун" пайда болушу менен алар сейрек байкала баштады", - дейт Николай Крючков.

Адистер белгилегендей, азыр акыркы жолу ооруга чалдыккандан кийин коронавирусту кайра жуктуруп алган учурлар көбөйүүдө. Бул коронавирустун "Омикрон" штаммы башка варианттарга караганда бир топ алсыз иммунитетти түзүп, ал көпкө созулбай турганына байланыштуу.

Жарым жыл өткөндөн соң сөзсүз түрдө ревакцинация алуу керек - бул коронавирустун оор өтүшүнөн коргойт жана жалпысынан ооруну кыйла жеңил көтөрүүгө шарт түзөт, - деп ырастады Николай Крючков.

Булак: Известия


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД