Бир жума ичинде мас абалда унаа башкарган 245 айдоочу кармалды

КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жумалык рейддин жыйынтыгын жарыялады:

Башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада республикада 16903 жол эрежесин бузуу аныкталды.

Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3404;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 187;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 5815;

- транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 18;

- Автоээнбаштык – 10;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 1177;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 37;

-жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 5096;

-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 10;

-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 245;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 795.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат:

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД