
Москвада жаан учурунда канализацияда оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда жоголгон үч жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу Прокуратура жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.
Москва прокуратурасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Людмила Нефедова алгач бир адамдын, андан кийин дагы эки адамдын сөөгү табылганын маалымдады.
Алардын бири Тажикстандын, ал эми экөөсү Кыргызстандын жараны.