Муфтий Барпы айылындагы медресенин курулушун баштоо салтанатына катышты

Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев Жалал- Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылындагы "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы жума мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл менен болгон жолугушууда муфтий ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү, жаштардын адеп-ахлагы, ысырап кылууга жол бербөө боюнча баяндама жасады.

Муну менен катар муфтий "Аалым Чубак ажы Жалилов" атындагы мечиттин жанында курулуп жаткан диний окуу жайдын курулушуна капсула салуу салтанатына катышып, ак батасын берди. Саамалыкка КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директору Тойгонбай Абдыкаров, Жалал- Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков, маркум Чубак ажы Жалиловдун атасы Тажибай Жалилов жана айыл тургундары катышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД