Мурзакул кары Осмонов: "Илим алуу үчүн устаз тандоо өтө маанилүү"

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан "Абдулазиз" мечитинде шаар тургундары менен жолугуп, илим алуунун зарылдыгы боюнча баяндама жасады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

"Ибадаттарды туура жана жакшы аткаруу үчүн илим алуу зарыл. Илим алуу үчүн устаз тандоо өтө маанилүү. Илими терең, акыйдасы бекем устаздан сабак алууга аракет кылуу зарыл" - деди шаар казысы.

Ошондой эле, мухаррам айынын пазилеттери, Ашура күнү жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча дагы шарияттын өкүмдөрүн түшүндүрүп берди.

Айта кетсек, "Абдулазиз" мечитинде жергиликтүү жамаатка ыңгайлуу шарт түзүлгөндүктөн улам жума намазын окууга уруксат берилди. Буга чейин калаа тургундары жума намазын окуу үчүн алыскы мечиттерге барып турушчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД