Борбор калаанын Элдердин достугу бакчасына чырактар орнотулду

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаарыбызды жарыктандырууну улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Элдердин достугу бакчасында бийиктиги 3 метр пушкин стилиндеги 26 темир-болоттон жасалган тирөөчтөрдүн, ошондой эле 27 бийиктиги 6 метр болгон ушул сыяктуу тирөөчтөрдү орнотуу менен тышкы жарык берүү тармактарын оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул тирөөчтөрдүн ар биринде экиден чырак жарык берет. Натыйжада, азыр аянтта 53 жаңы тирөөч жана 106 чырак орнотулду .

Мындан тышкары, торшердик тирөөчтөрдүн астында бетон негиздери (фундаменттер) дагы орнотулган. Траншея казуу кол менен жана экскаватор менен жасалган.

48 эски металлдан жасалган торшер демонтаждалды.

Урматтуу шаардыктар! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын тез диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн кызматта: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД