Октябрь районунда таштанды чыгаруу боюнча штабдын жыйыны болуп өттү

Борбор калаанын Октябрь райондук администрациясында турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиковдун жетекчилиги астында катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу жана аймакты санитардык тазалоо боюнча штабдын жыйыны болуп өттү.

Штабдын жыйынына Октябрь районунун акиминин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Өмүрбек Тайтелиев, МАБдын жетекчилери, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Нурлан Касымов жана анын орун басары Марат Алдашүкүров катышты.

Жыйындын жүрүшүндө катуу таштандыларды чыгаруу жана таштандынын стихиялуу топтолушунун пайда болушу жана аларды чечүү маселелери талкууланды.

Учурда Октябрь районунун аймагында 194 контейнер аянтчасы жайгашкан, анда 1600 таштанды контейнери орнотулган.

Октябрь администрациясы менен "Коматранском" компаниясынын ортосундагы КТТ ташып чыгуу боюнча келишимге ылайык, таштандыларды чыгаруу суткасына бир жолу ишке ашырылууга тийиш.

Октябрь районунун жашоочуларынын саны жана таштандылардын көлөмү көбөйгөндүгүнө байланыштуу техниканын жетишсиздиги жана графиктин бузулушу байкалууда. Ушул себептен таштанды топтолуп калган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Октябрь администрациясы катуу таштандыларды чыгарууга жана андан келип чыккан стихиялуу үйүлгөн таштандыны жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн "Тазалык" муниципалитетине кайрылды.

МАБдын жетекчилерине кварталдык кызматкерлер менен биргеликте 3 сааттын ичинде аймакты үймө-үй кыдырып, стихиялуу үйүлгөн таштандыларды аныктоо тапшырмасы берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД