COVID-19: Түзөтүү мекемелеринде катуу чектөөлөр киргизилүүдө

Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда катуу чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу ЖАКнын басма соз кызматынан билдиришти.

ЖАКнын басма сөз кызматы түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда жакындары болгон жарандар үчүн маанилүү маалымат таратты.

Кыргыз Республикасынын аймагында COVID-19 жана коомчулукта пайда болгон пневмония учурларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги Жазык-аткаруу тутумунун бардык мекемелеринин иштөө тартибин боюнча № 491 буйругун чыгарды.

Документке ылайык, тиешелүү жетекчилерге буйрук кылынат:

- ишенип берилген бөлүмдөрдө эпидемияга каршы режимди сактоо иштерин кайра баштоого, дезинфекциялоо иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө;

- кызматка кирүү алдында кызматкерлерди күн сайын текшерүү жана термометрия жүргүзүүгө;

- медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жана колду дезинфекциялоочу каражаттар менен чайкоого;

- социалдык аралыкты сактоо жана жамааттык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууга;

- кызмат өтөө учурунда да, андан кийин да кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө.

Буйрук темир тор артында отурган жарандарга жана алардын жакындарына да тиешелүү. Мисалы, тергөө изоляторуна киргизилген адамдар экспресс-тест же ПЦР анализи терс болсо гана кабыл алынат. Соттолгондорду көрүүгө келген жакындарынан ден соолугунун абалы боюнча ошол эле медициналык документтер талап кылынат. Андыктан биолабораториядан тиешелүү справканы күн мурунтан алууга кам көрүңүздөр.

Ал эми абактагы соттолгондордун жакындары үчүн дагы бир маанилүү маалымат:

Тез бузулуучу тамак-аш азыктары менен посылкаларды кабыл алуу чектелет, термикалык жана дезинфекциялык кайра иштетүүдөн өтө турган гана азык-түүлүктөр кабыл алынат.

Айтмакчы, коронавирустук инфекциянын жоктугун тастыктаган документтер ЖАКнын мекемелерине расмий себептер менен келген башка категориядагы адамдарга, мисалы адвокаттарга да керек болот.

Мындан тышкары, пандемиялык кырдаалдын мурдагы курчушу учурундагыдай эле ден соолукту сактоо үчүн массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн атайын мекемелерге баруусу чектелет.

Өзүңдү сакта! Тымызын COVID-19 дагы бир жолу биздин күчүбүздү сынап жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД