Бир жумада, 1-7 августта, Кыргызстанда COVID-19дун 895 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет.
Анын ичинде:
- 628 адам саламаттыкты сактоо уюмдарына оорунун белгилери менен кайрылышкан
- 187 адамда COVID-19 өлкөдөн чыгуу учурунда ПЧР-тест тапшырууда аныкталган,
- 13 адам – Россия, Казакстан жана Беларустан келген мигранттар
Амбулатордук дарыланууда - 783, ооруканага жаткырылганы – 112.
2022-жылдын 7 ай 7 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 19 923 учуру катталса, анын ичинен 17 929 (89,9%) учуру лабораториялык түрдө жана 1994ү (10,1%) клиникалык-эпидемиологиялык аныкталгандар.