Жалал-Абадда 3 миң доллар пара талап кылган нотариус кармалды

Жалал-Абадда мамлекеттик нотариалдык конторанын У.С.С. аттуу нотариусу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлккө (батирге) мурастык укуктарды өткөрүп берүү жана жол-жоболоштуруу процессин тездетүү максатында мамлекеттик нотариус Россиянын жаранынан 3 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

2022-жылдын 5-августунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик нотариусу 250 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалып жана жана Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, каралган адам кылмышты жасоого шектелип, Юстиция министрлигине караштуу КЖКнын N53 мекемесине камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД